Мазмунга өтүү

Песталоцци Иоганн Генрих

Википедия дан

Песталоцци, Иоганн Генрих (1746–1827) – Швейцариялык атактуу педагог жана агартуучу.

Иоганн Генрих Песталоцци
Туулган жылы:

12 -январь 1746(1746-01-12)

Туулган жери:

Цюрих, Швейцария

Каза болгон жылы:

17 -февраль 1827(1827-02-17) (81 жаш)

Каза болгон жери:

Бругг, Швейцария

Өлкө:

Швейцария

Илимий чөйрөсү:

Педагогика

Белгилүү окуучулары:

Ф. Фребель

Белгилүү болгондугу:

Атактуу педагог

Белгилүү болгондугу:

Атактуу педагог

Анын пикири боюнча окутуунун максаты – адамдын бардык мүмкүнчүлүктөрүн, жөндөм шыгын ар тараптуу, гармониялуу өнүктүрүү. Руссо сыяктуу ал да тарбиялоонун табият таламдуу болушун, башкача айтканда балага табият тарабынан берилген ички күчтөрдүн, талаптарды кылдат эске алып тарбия ишин ошого негизденип уюштуруу зарылдыгына өзгөчө басым жасаган.

Песталоцци – башталгыч билим берүүнүн дидактикасын негиздөөчүлөрдүн бири. Анын элементардык таалим-тарбия теориясында балдардын акылын, адептик нарк насилин дене-күчүн, иш билгилигин өз өзүнчө эмес, өз ара биримдикте гармониялуу өнүктүрүү идеясы психологиялык педагогикалык жактан ар тараптуу негизделген. Анын бул өнүктүрүп окутуу идеясын К. Д. Ушинский улуу ачылыш катары баалаган. Песталоцци, балдарды эсептөөгө, ченөөгө, сүйлөөгө, сүрөт тартууга, ырдоого, гимнастикага үйрөтүү машыктыруунун өзгөчө эң эле жөнөкөй усулдарын иштеп чыккан. Мындай жол менен ал карапайым элди билимге билимди элге жакындаштырууга далалат кылган. Песталоцци, өзүнүн «Лингард жана Гертруда» деген эмгегинде балдарга мээрман мамиле кылуу, аларды башкалардын кайгысын, азабын тең бөлүшүү сезимин калыптандыруу маселелерин башкача айтканда тарбиялоонун гумандуу болушу жөнүндөгү ишенимин, идеясын бекемдеген. Ал өзүнүн практикалык педагогикалык ишинде окутууну балдардын өндүрүмдүү кол эмгеги менен терең айкалышта уюштурууга умтулган. Ал тургай бул методикасына таянып жөнөкөй эле сабаттуу дыйкан эне өз баласын өзү окутуп алууга ылайыкташтырылган «Энелер үчүн колдонмо» аттуу китеп да жазган.

Гуманист педагог баланын бакыбат өсүшү үчүн табигый ата-энелик мамилени, мээримди эч нерсе менен алмаштыргыс гүлазык катары караган. Ушундан улам мектепте үй бүлөдөгүдөй мамилени табигый жылуулукту сактоого аракет кылган. Улуу педагогдун мурастары педагогика илиминин жана таалим тарбия практикасынын өнүгүш жолунда олуттуу мааниге ээ болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,